Биз менен байланышыңыз

Латвия президентинин инаугурациясы өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 509 | 0

Бүгүн, 8-июлда Латвиянын жаңы шайланган президенти Эгил Левитстин инаугурациясы өтүп, кызматына расмий киришти.

«Бардык аракетим Латвия элинин өнүгүүсү үчүн жумшалат деп сөз берем. Калктын бейпилдиги үчүн колумдан келген аракетимди жумшайм. Латвиянын мыйзамдарына толугу менен баш ием жана өз милдетимди жоопкерчилик менен аткарам», — деди Левитс ант берүү аземинен кийинки сүйлөгөн сөзүндө.

Көпчүлүк басылмалар Левитстин ант берүү учурунда текстин эки жолу кайталаганын, ошондо да туура эмес айтканын сынга алышты.

Эске салсак, Латвиянын парламенти Евробиримдик сотунун мурдагы судьясы Эгил Левитсти биринчи добуш менен президент катары тандап алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM