Биз менен байланышыңыз

Төрага Дастанбек Жумабеков Балтика өлкөлөрүнө расмий иш сапар менен барды

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 734 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар Латвияга расмий иш сапар менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өтөрү мерчемделген. Анын ичинен Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Латвия Сейминин төрайымы Инара Мурниеце, өлкө президенти Эгилс Левитс жана Тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Андан соң Жогорку Кеңештин делегациясынын расмий иш сапары Литвада уланат. Вильнюста Дастанбек Жумабеков Литва Сейминин төрагасы Викторас Пранцкетис жана Тышкы иштер министри Линас Линкявичюс менен жолугушат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.

Copyright © 2017 Maral FM