Биз менен байланышыңыз

Бала бакчаларда жолдо жүрүүнүн эрежелери окутула баштайт

Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 582 | 0

Эми Кыргызстанда бала бакчаларда жолдо жүрүүнүн эрежелери окутула баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Анда жеткинчектер үчүн атайын китеп даярдалганы, 2 окуу куралынын негизинде билим берилери айтылган. Бала бакчаларда практикалык негизде окутулуп, макеттерди колдонуу менен үйрөтүлө турган болду.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы балдардын катышуусунда 14 18 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 87 бала көз жумган.

 

Copyright © 2017 Maral FM