Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: 2018-жылы өлкө экономикасы 3,5 пайызга өстү

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2019 | 484 | 0

2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын экономикасы 3,5 пайызга өстү. Былтыр бул көрсөткүч 2,8% пайыз болору күтүлгөн. Бул тууралуу президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экономикалык көрсөткүчтөр дээрлик бардык тармактар аркылуу камсыздалган. Өнөр жай тармагындагы көрсөткүчтөр жогору. Андан сырткары айыл чарба, курулуш тармактарында дагы өсүш бар.

«Экономикага чоң таасир берген тармактардын бири — алтын өндүрүү. Мындан ары «Кумтөр» кенинен өндүрүлгөн алтындын көлөмү бара-бара азаят. Ошондуктан өкмөт кен казуу тармагындагы «Кумтөргө» альтернативалык кендерди иштетүү боюнча жумуштарын жасоодо. Башкача айтканда, алтынды башка кендер аркылуу өндүрүүнүн көлөмү жогору», — дейт Иманалиев.

Copyright © 2017 Maral FM