Биз менен байланышыңыз

2019-жылы кыргызстандыктарды ажылык сапарга «Flaynas» авиакомпаниясы алып барат

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 1095 | 0

2019-жылы ажылык сапарга кыргызстандыктарды “Flaynas” авиакомпаниясы алып бара турган болду. 31-январдаКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы сынак өткөрүп, ага Сауд Аравиянын жарандык «Flaynas» авиакомпаниясы гана катышты.

Конкурс алкагында «Flaynas» авиакомпаниясы талаптарда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуунун жүргүзүшүндө тараптар кыргызстандык ажыларды ташуунун наркын 1550 АКШ доллар бойдон калтырышты.

«300 орундуу Boeing 767–300 учагы алгач Сауд Аравиядан Кыргызстанга бош учуп келет дагы 300 ажыны Мекке шаарына алып барат. Ажылык сапары бүткөндөн кийин Сауд Араб Падышалыгынан 300 ажыны Кыргызстанга алып келет дагы бош учуп кетет. Бул түз чартердик рейс болгондуктан 4 рейстин 2 рейси бош учуп келүүгө туура келет. Ошондуктан бул коюлган баанын ичинде барып-келүү чыгымдары жана төлөмдөрдүн бардыгы кошо эсептелинген», — деди «Flaynas» авиакомпаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Таалайбек Окенов.

Эскерте кетсек, 2018-жылы авиабилеттин наркы 1550 АКШ доллары болгон.

Copyright © 2017 Maral FM