Биз менен байланышыңыз

Бакиров: Мурдагы төрагаларга, өкмөт башчыларга статус берүүнү сунуштадык

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 463 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагарына жана экс-премьер-министрлерге өзгөчө статус берүү жөнүндө мыйзам долбоору сунушталды. Анын автору депутат Мирлан Бакировдун белгилешинче, ал үчүн эч кандай материалдык чыгым болбойт.

Тагыраагы, статуска ээ болгон жарандарга кол тийбестик, каржылык жеңилдиктер берилбейт жана эч кандай төлөмдөр болбойт. Аларга атайын күбөлүк берилип, Жогорку Кеңештин же башка ведомстволордун имаратына кирүүгө, мамлекеттик кызматтын жетекчилери менен жолугушууга жеңилдиктер берилет. Депутаттар менен жолугуп, алар менен ой бөлүшүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

-Эгерде мурдагы жетекчилер кылмыш кылып, жоопко тартылса, Жогорку Кеңеш анын күбөлүгүн жокко чыгара алат. Ар бир мекеменин өзүнүн ички тартиби, кирип-чыгуу эрежеси бар да. Ошол себептүү биздин мурдагы жетекчилер үчүн ар кайсы ведомство же ак үйгө кирүү кыйын болуп калат. Долбоор ошону жеңилдетүүнү көздөйт. Туура, биз сунуштаган мыйзам долбоордун айрым беренелери толук даярдалбай, коомдук талкууга чыгып кетти, — деди Бакиров.

Депутаттын айтымында, мындай мыйзам долбоорун сунуштоого шайлоочулардан түшкөн өтүнүчтөр себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM