Биз менен байланышыңыз

Экотехинспекциянын төрагасынын орун басары премьер-министрдин классташы экенин төгүндөдү

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 443 | 0

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын директорунун орун басары Шайлообек Нарбеков премьер-министрдин классташы жана соттолгон деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай маалыматты аталган инспекциядан кабарлашты.

Анда социалдык тармактарда Шайлообек Нарбековдин соттолгону жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин классташы экендиги жөнүндө маалымат тараган.

Аталган ведомство аны төгүндөп, өкмөт башчы 1968-жылкы болсо, директордун орун басары 1965-жылы туулгандыгын, мектепти Талас облусунда окугандыгын жазган.

Шайлообек Нарбеков өзүнүн мурда соттолгондугу тууралуу маалыматты четке кагууда. Анын айтымында, бул окуя 2013-жылы Каржы полициясынын коопсуздук кызматын жетектеп турган мезгилде орун алган. Бирок кылмыш иши козголгону менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун, жана Жогорку сотунун чечими аркылуу акталган.

Мындан тышкары, Шайлообек Нарбеков анын адамдык абийирине шек келтиргендерди сотко берүүгө даяр экендигин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Шайлообек Нарбеков аталган кызматка 29-январда дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM