Биз менен байланышыңыз

Карамушкина: Коррупцияга аралашкан саясатчылар менен күрөштү Атамбаев баштаган

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 465 | 0

Жогорку кызматтагы коррупцияга аралашкан кызматкерлерге каршы күрөштү Алмазбек Атамбаев баштаган. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “Маралга” берген маегинде айтты. Ал далил катары депутаттарга козголгон иштерди келтирди.

-Мага: “Атамбаевди дайым коргойсуз. Бирок анын айланасындагылар азыр УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурат”, — деп көп айтышат. Буга Алмазбек Атамбаевдин президент болуп тургандагы сөзү менен жооп берейин. “Эгерде далил болсо, өз уулума да боорум оорубайт”, — деп айтканы бар, — дейт эл өкүлү.

Карамушкина “КСДП Атамбаевсиз” кыймылы Ак үйдүн долбоору экенин да айтты.

Кошумчалай кетсек, КСДП партиясынын мүчөлөрү, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдорго кылмыш иши козголуп, учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Copyright © 2017 Maral FM