Биз менен байланышыңыз

Рыспаев: Кендерди көзөмөлдөөгө өкмөттүн күчү жетпей жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2019 | 569 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев “Марал” радиосуна берген маегинде өкмөттүн кен байлыктарды көзөмөлдөөгө күчү жетпей жатканын билдирди.

Анын айтымында, кен иштеткен ишканалардын экологиялык экспертизасын текшерген мекеме Мамлекеттик экотехинспекция иштей албай жатат.

«Чаткалда чачылма алтын боюнча лицензия алгандар көп. Алар жерди казып, башаламан кылып ташташкан. Кайра калыбына келтирүү иштери жок. Аны текшерген органдардын баары сатылган. Казылган кен байлыктарды көзөмөлдөп алуу өкмөттүн иши. Бирок колу жетпей жатат. Себеби айыл өкмөтү, аким, айылдык кеңеш, Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери «сатылып» кеткен. Бүгүн чачылма алтынды каалагандай чайкап, алып кетишүүдө», — дейт Рыспаев.

Эл өкүлү Кыргызстан тоо-кен тармагын алгылыктуу иштете албай жатканын белгилеп, өлкөдө инвестициялык климат түзүлбөй, аталган тармактан бюджетке ири суммада каражат түшпөй жатканын айтты.

«Өзүбүздө завод жок болгондуктан кошулмалар сыртка ташылууда. Өкмөт көзөмөлгө алгандын ордуна заводдорду курбаш керек деп бюджетке терс таасирин тийгизчү мамилелерди кылып жатат. Бирок биз ишканаларды токтоп, аларга тыюу салуу менен экономиканы көтөрө албайбыз. Инвесторлорго шарт түзүп, ачык-айкын көзөмөлдөө зарыл», — дейт Рыспаев.

Ал буга кошумча, казылган кен байлыктардын уурдалып, тоо-кен тармагы тартипке келбей жатканы боюнча мурдатан кабары бар экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM