Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда IT-кызмат көрсөтүүнүн көлөмү өстү

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 723 | 0

Дүйнөлүк банктын бул жолку “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча Кыргызстан 7 орунга жогорулап 70-катарга жайгашты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Анда ал «Глобалдык инновациялык көрсөткүч-2018» маалыматына ылайык, Кыргызстан бир жылдын ичинде IT-кызматтарын экспорттоо көлөмү боюнча позициясын жакшыртып, 93-орундан 34-позицияга жылганын айтты.

-Өкмөттүн алдында 2023-жылга чейин бизнес жүргүзүүгө кыйла жагымдуу алгачкы 40 өлкөнүн катарына кошулуу максаты коюлган. Бул бир топ татаал жана амбициялуу милдет, бирок жүзөгө ашырууга толук мүмкүн. Менимче, сиздер менен бирге бул көрсөткүчтөргө жетебиз деп ойлойбуз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана бизнес чөйрөсүн жакшыртуу тармагында бир катар реформалар ишке ашырылганын белгиледи.

Анын ичинде көз карандысыз Бизнес-омбудсмен институтун түзүү, жыл башынан тарта 2 жылга текшерүүгө мораторий киргизүү, юридикалык жактарды пилоттук режимде онлайн-каттоо тутумун ишке берүүнү айтты. Ошондой эле медиация аркылуу талаштарды сотко чейин чечүү институту киргизилгенин да белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM