Биз менен байланышыңыз

2018-жылы кыргыз спортчулары 499 медаль жеңип алышкан

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 775 | 0

2018-жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Анткени былтыр спортчулар ар кыл эл аралык мелдештерде 499 медал жеңип алган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жыйынында айтты. Ал Бишкек шаарында өткөн Азиянын спорттук күрөш боюнча чемпионатын, атамекендик спортчулардын Индонезиядагы Азия оюндарындагы ийгиликтүү оюн көрсөтүшүн, Ысык-Көл облусундагы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөрүлүшүн, ошондой эле Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын БАЭ Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышын белгиледи.

-2019-жылдан тарта машыктыруучулардын эмгек акысын жана спорттук стипендияларды жогорулатуу, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде бардык эл аралык стандарттарды эске алуу менен олимпиадалык борбордун курулушун баштоо жөнүндө чечим биздин спорттун келечектүү өсүүсүн өбөлгөлөйт деп ишенебиз, — деди ал.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, 2019-жылы төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулмакчы:

— 2020-2030-жылдарга карата Жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу;

— Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында «Балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шаарлар» долбоорун ишке ашыруу;

— «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук тутуму аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө которуу;

— спорттун массалык түрлөрүн, анын ичинде футбол жана башкаларды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программаларын иштеп чыгуу.

Copyright © 2017 Maral FM