Биз менен байланышыңыз

Рыспаев: «Кумтөр» башынан бери «ээрге кыйшык отурган»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2019 | 632 | 0

“Кумтөр” башынан бери «ээрге кыйшык отурган». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«2009-жылкы легитимдүү президент, легитимдүү парламент ратификация кылып, булардын документтерин канадалыктарга мыкты кылып, кынтыксызя. баарын колуна карматып койгон. Азыр ошол легитимдүү бийликтин азабын бүгүнкү парламент менен өкмөт тартып жатат. Эгер «Кумтөрдү» денонсация кылсак, эртен эл аралык сотто утулуп калчу болсок, мындай чоң жоопкерчиликти ким алат деген суроо туулат», — дейт Рыспаев.

Эл өкүлү мындан сырткары «Жерүй» алтын кенине да токтолду.

Кенди «Альянс Алтын» компаниясы алган. Келишимдин негизинде иштеп жатышат. Келишими убагында аткара албай калса айып пул төлөшмөк. Биринчи төлөм төлөндү. Компания алтын чайкоочу фабриканы куруп, 2019-жылы колдонууга бериши керек эле. Бирок баштала элек, себеби «Альянс Алтын» компаниясынын каражаты жок экен. Эгер компания кенди иштете албаса маселени кайра карап, келишимди бир тараптуу бузууга укугубуз бар», — дейт эл өкүлү.

Рыспаев буга кошумча, «Макмал» кенин консервация кылуу туура эмес экенин, бул жерде «Кыргызалтындын» күнөөсү бар экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM