Биз менен байланышыңыз

Көмүр газына ууланган 11 окуучунун абалы туруктуу

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 653 | 0

Алай районундагы С.Ашимов орто мектебинде көмүр газына ууланган окууучулардын абалы учурда канатаандырарлык. Бул тууралуу Алай районунун Билим берүү бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, С.Ашимов орто мектебинде ис газына ууланган окуучулардын абалы учурда туруктуу. Ошондой эле жергиликтүү ФАП кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

29-январда Алай районундагы С.Ашимов орто мектебинде сабакта отурган 23 окуучунун ичинен 11и ис газына ууланып, ооруканага жеткирилген. Ушул эле күнү кечинде ууланган окуучуларды ата-энелери үйгө чыгарып кетишкен.

Ушул тапта жергиликтүү бийлик көмүрдү отунга алмаштыруу боюнча иш алып барып жатышат.

Окуучулар эртеңден баштап кайра окууларын улантмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM