Биз менен байланышыңыз

Якутск шаарында кыргызстандык жубайлар иске ууланып каза болушту

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 204 | 0

Орусиянын Якутск шаарында кыргызстандык жубайлар көмүр кычкыл газына ууланып каза болду. Бул тууралуу  Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Элчиликтин маалыматына ылайык, алар 1992-жылы туулган М.у.Т. жана 1990-жылы туулган К.Ж. аттуу (жубайлар) Кыргызстандын жарандары болушкан.

Элчиликтин кызматкерлери Якутск шаарындагы кеңседе маркумдун тууганы менен кездешип, каза тапкандардын сөөгүн Кыргызстанга алып кетүү үчүн бир жолку жөлөк пул алуунун тартиби түшүндүрүлүп, документтерин кабыл алышкан.

Каза болгон жубайлардын артында бир баласы калды. Ага Якутск шаарында жүргөн чоң энеси жана агасы кам көрөрү белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM