Биз менен байланышыңыз

Темир жолдорду өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлор ишке ашырылат

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 623 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директору 29-январда Орусиянын “Орус темир жолу” мекемесинин жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстанда темир жолдорду өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүштү. Ошондой эле долбоорлордун ишке ашыруу мөөнөтүн жана механизмин баскычтуу ишке ашуруу керек экендигине токтолушту.

Мындан сырткары жакынкы убакта эксперттер менен биргеликте негизги суроолордун айланасында жолугушуу боюнча макулдашылды.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM