Биз менен байланышыңыз

Президент: Тоо-кен тармагындагы салыктык коюмдардын көлөмүн өзгөртүү керек

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 562 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков тоо-кен тармагындагы салыктык коюмдардын көлөмүн өзгөртүүнү сунуштады. Ал билдиргендей, айрым мамлекеттерде тоо кен тармагындагы салыктар 15-50 пайызга чейин турат.

-Биздин өлкөдө салыктык оорчулук 8-10 пайызды түзөт. Аны да төлөбөгөндөр көп. Ошондуктан салыктык коюмдарды өзгөртүү зарыл, — деди Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 30-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кенешинин жыйыны өтүүдө. Анда күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM