Биз менен байланышыңыз

Италия пенсия жашын төмөндөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 576 | 0

Италиянын президенти Сержо Маттарелла өлкөдөгү пенсияга чыгуу жашын төмөндөтүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу европалык басылмалар жазышты.

Жаңы мыйзамга ылайык, эми италиялыктар пенсияга мурункудай 66-67 жаштан эмес, 62 жаштан чыга алышат. Бирок бул үчүн 38 жылдык эмгек тажрыйбасы болушу керек.

Мындан сырткары Маттарелла аз камсыз болгондор, карыялар жана жумушсуздар үчүн жашоо тиричилик үчүн кайтарымсыз жөлөк пул берүүнү да жактырды. Ага ылайык эми аз камсыз болгондор айлык 780 евродон жөлөк пул ала алышат.

Ал арада Евробиримдик баш болгон тараптар Римдин мындай чечимин сынга алышты. Антени  2,3 трлн евро мамлекеттик карызы жана 10,5% жумушсуздук менен Евробиримдикте Грециядан кийинки эле орунда турат.

Буга байланыштуу брюссель Италиянын 2019-жылга карата кабыл алынган бюджетине оңдоп-түзөө киргизүүсүн талап кылган. Анткени буга чейин милдеттенме алган мамлекеттик карызын азайтууга арналган чаралар жетишсиз болуп, башка тармакка көп чыгаша кылары байкалган.

2011-жылкы реформада пенсия жашыф 66-67 жашка көтөрүлгөн. Анда пенсиянын көлөмү алган айлыгына жараша эмес, соцфондго төлөгөн каражатына жараша берилчү. Мындай жол менен ИДПнын пенсияга кетчү бөлүгүн кыскартууга аракет болгон. Анын натыйжасында ИДПдан пенсияга коротулчу  каражат 16,5%га түшкон. Бирок бул дагы деле көп болчу. Салыштырсак, Ирландия пенсияга ИДПнын 5,5%ын берет.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM