Биз менен байланышыңыз

Абакиров: Жөлөк пулдун 60%ы муктаж эмес адамдарга берилип жүрүптүр

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2021 | 4884 | 3

Кыргызстанда коомдо байлар менен кедейлердин ажырымы чоң. Калктын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн орто катмардагы адамдар көбөйүшү керек. Бул тууралуу экономист Элдар Абакиров «Маралга» берген маегинде айтты.

— Ортоңку катмардын өнүгүүсү үчүн кедей деп саналган үй-бүлөнүн балдарына өз убагында билим, социалдык төлөмдөр берилип турушу керек. Республикалык бюджеттен жылына 7-8 млрд сом социалдык колдоого коротулганы менен аларды бөлүштүрүүдө кемчиликтер бар. Кыргызстанда жакыр жашаган адамдардын саны жалпы калктын 30%ын түзүп калды. Алар сан менен 1,5 миллионго жетет. Бирок Социалдык өнүктүрүү министрлигинин балансындагы тизмеде ал 500 миң деп көрсөтүлгөн.

Абакировдун айтымында, тизмеге киргендердин жарымы эле жардамга муктаждар. Калган бөлүгү ар кандай жолдор менен катталып, жардам алып келет. Бул «Инфоком» ишканасы иштеп чыккан программанын изилдөөсүнөн кийин белгилүү болгон.

— Бишкектин Свердлов районунун башкармалыгы ошол программаны алып, иштетип көргөн. Анын жыйынтыгында жөлөк пулдардын 60%ы муктаж эмес адамдарга берилип жүргөнү аныкталган. Бул платформаны республикалык деңгээлде жайылтып, 3-4 млрд сомдун туура эмес бөлүштүрүлүп жатканын аныктоого болот. Ошол каражатты калктын кедей катмарына жумшап, шарт түзүп, аларды орто катмарга айлантууга мүмкүн, — деди Абакиров.

Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстандын калкынын 25,6% жакыр, алардын 41 миңи чегинен төмөн жашаган адамдар деп айтылат. Жакырлардын басымдуу бөлүгү айылда жашайт. Айлык кирешеси 2674 сомдон аз болгон адамдар кедей, ал эми 1445 сомдон төмөн болгондор жакыр деп катталган.

3 пикир

3 пикир

  1. Ира

    16.10.2021 05:27

    Кыргызстанда жумушсуздардын саны жазылгандагыдан коп.Жумушсуз деп катталбай эле бизге окшоп уйдо отургандар абдан коп.Жардамдарды ошолорго бериш керек.Мурдагы айлыгынын олчомуно карабай баары бирдей олчомдо пенсия алыш керек.Коп айлык алып жургондор убагында ошол айлыгынын узурун коргон да.

  2. Анара

    16.10.2021 13:10

    коп балалуу ларга аз камсыз дарга жаны уйлонуп1.2 бала менен үйү жокторго берсе боло

  3. Касымалиева Мырзагул

    18.10.2021 22:25

    Эмнеге калкты так текшербейсинер эмнеге иштеп акча алып атышат соц фонддор.жолок пул алганга муктажмын.пособие албайм.алимент толобойт.туруктуу жумуш жок.кара курсакка аран иштеп калдым.ден соолугум начар .соц защитага барсам шылтоолорду айтып кууп жиберишет.кыргызстан балдарга пособие болбосо ,эртен аскерге ча кыруу келсе мен жонотпойм эркек балдарымы.ар ким озун ойлоп калды.балама небереме чебереме болсун деп тойбой жутап калды кыргыздын эркектери.эркек 60жашка чейин табышкер болот экен.кыргыздын эркектери аял менен куч сынашып калды.башка улуттун аялдары акча таппайт.тентибейт.аялдары курсагы ток кучтуу балдарды тороп тарбиялашат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM