Биз менен байланышыңыз

Болочок президент алгач кандай иштерди жасашы керек?

Президент боло турган адам ириде өлкөгө туруктуулукту орнотуп, жумушсуздукту жоюп, экономиканы өстүрүшү керек. Мындай пикирин саясатчы Элдар Абакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын баамында, өлкөдө жумушсуздуктун айынан туруксуздук күчөп баратат. Мындан улам экономика башкарылбай жатат. Инвестициялык климат жакшырса, жумуш орундары түзүлүп, көйгөй чечилмек.

Тышкы карыздарды төлөө да экономикага тийиштүү.

«Президент болгон адамдын туура максаттарды коюшу, ага эл ишенип колдошу маанилүү. Экономиканын ичине адам укуктары, коррупцияга каршы күрөш, тынчтык жана башкалар кирет. Люстрация болбосо, коррупцияга менен күрөшүү ийгиликтүү бүтпөйт», — дейт Абакиров.

Эске салсак, өлкөдө президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM