Биз менен байланышыңыз

Абакиров: Милиция экономикалык кылмышка каршы күрөшсө, жумушсуздук күч алат

Кыска кабар | 6 Авг 2021 | 2708 | 0

Кыргызстанда милиция кызматкерлери экономикалык кылмыштарды текшере турган болсо, жумушсуздук күчөйт. Бул тууралуу экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

1 миллионго жакын кыргызстандыктын мигрант болуп жүргөнүн, дагы миллиондой жаран өлкөдө жумушсуз экенин айтып, Министрлер кабинетинин сунушу жакшы жыйынтык бербей турганын билдирди.

— Эгерде милиция экономикалык кылмыштар менен күрөшө турган болсо, ал чоң бизнестерди эмес, карапайым элдин ишин текшерет. Мамлекеттик кызматта отурган чиновниктердин, чоң коррупционерлердин ири бизнестерине жолой албайт. Текшерүүгө алынгандардын күчтүүлөрү акча берип ишин уланта берет, ага алы жетпегендер ишкердигин токтотот. Өзүнө айлык таап жаткан адамдар кайрадан жөлөк пулга муктаж болуп калат. Бул чара жумушсуздукту күчөтүп, экономиканы талкалайт.

Эскерте кетсек, 15-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров ИИМ менен Салык кызматына мекемелер аралык комиссия түзүп, экономикалык тармактагы (лицензия, уруксат берүү ж.б.) мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ИИМге (участкалык кызматкерлерге) ыйгарым укук берген документтин долбоорун бир ай ичинде иштеп чыгууну жана Министрлер кабинетине сунуштоону тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM