Биз менен байланышыңыз

Хабиб Нурмагомедов 500 миң доллар айыппулга жыгылды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 561 | 0

Американын Невада штатынын атлетикалык комиссиясы орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго «бейбаштык» кылган үчүн  500 миң доллар айыппул салып, 9 айга беттештерден узакташтырды. Бул тууралуу BBC орус кызматы маалымдады.

6-октябрдагы ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен болгон беттештен кийин Нурмагомедов октагондон ашып түшүп Макгрегордун командасы менен мушташкан. Ага катышкан Хабибдин командасынан Зубайр Тухугов менен агасы Абу Бакр 25 миң доллар айыппул жана бир жыл ММА турниринен узакташтырылды.

Ал эми чагымчыл чакырыктарды айтып, козутканы үчүн Конор Макгрегор 50 миң доллар жана 6 ай дисквалификация жазасын алды.

Узакташтыруу мөөнөтү окуя болгон 6-октябрдан тарта эсептелет. Эгер Нурмагомедов кодулоого каршы эл аралык кампанияга катышса анын мөөнөтү 6 айга кыскарышы мүмкүн.

Эске салсак, өткөн жылдын 6-октябрында ММА боюнча дүйнө чемпиону дагестандык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык дагы бир чемпион Конор Макгрегорду жеңип, чемпиондугун коргоп калган. Мушташ учурунда Макгрегордун командасынан дагестандыкка басынтуучу, чагымчыл сөздөр айтылып турган үчүн беттеш бүтөрү менен ал октагондон ашып түшүп мушташ чыгарган. Бул үчүн кийин өзү коомчулуктан кечирим сураганы менен ар түрдүү сын пикирлерге кабылды. Ошол эле учурда анын дүйнөдө атак-даңкы артып, Instagram баракчасындагы көрүүчүлөрүнүн саны эле бир суткада 3,5 миллионго чейин көбөйгөн. Ошондой эле ал бул үчүн жеңишине берилчү гонорардан куру калган.

Copyright © 2017 Maral FM