Биз менен байланышыңыз

Исаков: Токмоктогу чек арада жер алдындагы тоннелдер бар

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Янв 2019 | 1111 | 0

Жарандык активист Гүлжигит Исаков “Марал” радиосуна берген маегинде «Токмок-Автожол» өткөрмө бекетинде жер алдындагы тоннелдер бар экенин билдирди.

«Токмоктогу чек арада жер астындагы тоннелдер бар экени айтылат. Мындан коопсуздук кызматкерлери дагы кабардар. Бирок тоннелдерге жөнөкөй жаран кире албайт. Коопсуздук кызматкерлери да жөн кире албайт. Ар кандай көрүнүштөр болуп келген. Бул ЖМКларга чыкпай калат. Буга чечкиндүү чара-көрүү зарыл. Мамлекет өз күчүн көрсөтүшү керек. Мамлекеттик унаа элдин кызыкчылыгына иштеши керек. Чек ара бир гана Токмокто эмес, өлкөнүн башка аймактарында да бар», — дейт Исаков.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM