Биз менен байланышыңыз

Өкмөт бюджетке чыгаша алып келбеген эки ишкана ачты

Коом | 10 Июл 2019 | 1441 | 1

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдында «Укук» жана «Соцсервис» мамлекеттик ишканалары түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы кабарлады. Аталган ишканалар мамлекеттик мекемелердин санариптешүүсүнө көмөк көрсөтөт. Жаңы түзүлгөн ишканага мамлекеттин бюджетинен канча каражат бөлүндү? Кандай багыттарда иш жүрөт? Мунун жообун төмөнкү макаладан табасыз: 

«Укук» жана «Соцсервис» ишканаларынын багыттары эки башка. Бирок элге кылган кызматы бирдей. Мындай маалыматты Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди. Анын айтымында, жаңы ачылып жаткан компанияга дасыккан IT тармагындагы адистерди жумушка тартып, өлкөнү санариптештирүүнү тездетүү керек. Эски системаны толугу менен жоюп, бардык иш кагаздарды электрондук жол менен толтурууга өтүү зарыл.

— Мамлекеттик ишканалар, мамлекеттик органдар менен иштешет. Аларга атайын окутуу программалары жүргүзүлөт. Мыйзамда көрсөтүлгөн эрежеге ылайык утуп алган компания менен тыгыз иш алып барат. Анткени, алардын техникалык деңгээли бир болот. Ошондой иш-чараны алып барышат. Чыгашасы боюнча айтсам, мамлекеттик ишканалар IT кызматтарын көрсөтүү жолу менен өзүн-өзү камсыздай алат. Бул ишканалар деңгээли бийик кызматкерлерди алып, иштеп баштаганда гана жыйынтык көрсөтө алат.

Жаңы түзүлгөн «Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн өнүктүрсөк, алыскы элет жериндегилер үчүн кыйла эле жеңил болот. Анткени, алар бир маалымкатты алууда бир топ убакыт кетиришип, көптөгөн каражат коротушат. Мындай пикирин Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирип, ошондо гана  бул системадагы коррупция иштери жоюларын белгиледи.

— Жаңы ачылган «Соцсервис» ишканасынын коомго тийгизе турган пайдасы абдан эле чоң. Маселен, алыскы айылдарда бир маалымкатты алуу үчүн жарандарыбыз убара тартып, көптөгөн каражат да коротушат.  Бир нече министрликке кирип кагаз толтурушат. Андыктан, бул ишканалар иш алып барып, маалымкат үчүн бир эле жерге барып, калганын электрондук почта аркылуу бүтүрө ала тургандай шарт түзүшү керек.

«Буга чейинки түзүлгөн мамлекеттик мекемелер иштеп, жыйынтык көрсөтүшү керек. Улам жаңы ишканаларды ачуудан пайда чыкпайт. Бул — жөн гана чыгаша», — дейт жарандык активист Гүлжигит Исаков. Ошондой эле, маалымат таратууда ар бир бир мекеме өзүнүн милдетин аткарып, керектүү жаңылыктарды жеткириши керек экенин кошумчалады.

— Жок, мындай мекемелердин кереги деле жок. Офисте отуруп, толтургандары жалаң гана кагаз. Ал элге пайдасын тийгизбейт. Бюджетке эле күч келтирет. Андан көрө ар бир министрлик өзүнүн милдетин аткарып, кадрларын кыскартып иш алып барышы керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Садык-Шер-Нияз Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнөн артта калбай, бир-эки жылда толугу менен санариптештирилиши керектигин айтат. Ошол эле учурда, жаңыдан түзүлгөн ишканалар мамлекеттин бюджетине эч кандай чыгаша алып келбей, өнүгүүгө жол салышы керек деген пикирде.

— Бул заманда биринчи орунда маалыматтык технология турат. Эгерде так жана туура маалымат тарата турган мекеме болсо жакшы. Бирок ошол эле учурда мамлекеттин казынасына чыгаша келтирбейби? Алардын аткаруу кызматы кандай болот? Элге керекпи? Бул суроолор да дыкат каралышы зарыл. Ошол эле учурда, дүйнөнүн агымынан да артта калбашыбыз керек.

Белгилей кетсек, «Укук» мамлекеттик ишканасы — сот, прокуратура, укук коргоо органдары, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш, миграция, коргоо, өзгөчө кырдаалдар тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгат. Ал эми «Соцсервис» мамлекеттик ишканасы болсо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият, спорт, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик жөлөк пул, жеңилдиктер жана пенсия тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыкмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM