Биз менен байланышыңыз

Айтымбетов: Көк-Жарда бала бакча жана оорукана салынат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Янв 2019 | 616 | 0

Быйыл Бишкек шаарындагы Көк-Жар жаңы конушунда бала бакча жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулат. Бул тууралуу Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Октябрь районунда майда футбол аянтчалары жана башка спорт комплекстерин куруу пландалып жатат.

«Рухий-Мурас конушун газ менен камсыз кылуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын 2019-20-жылдарга алынган планына киризилген. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен канализация киригизүү маселесин карап жатабыз. Мындан сырткары 2019-20-жылдары Октябрь районундагы 11 көчөдө оңдоп-түзөө иштери жүрөт. Жалпы 25 чакырым жол оңдолот. Ал эми быйыл Нуркамал көчөсү реконструкциядан өтөт. Бул көчөнүн боюндагы бардык күркөлөр алынат», — дейт Айтымбетов.

Маалыматка ылайык, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас жаңы конуштарындагы жолбун иттер атылган. Эми Алтын-Ордо конушунда дагы иттер атылат.

Copyright © 2017 Maral FM