Биз менен байланышыңыз

2018-жылы кылмыштуулуктун саны 7,2% га өстү

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 707 | 0

2018-жылы өлкө боюнча кылмыштуулукттун саны 7,2%га өскөн. Бул тууралуу 24-январда Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында маалымдашты.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылдын 12 айында республика боюнча 29 миң 718 кылмыш иши катталды. Бул 2017-жылдын 12 айына салыштырмалуу 7,2% га көп. Анын ичинде ички иштер органдары тарабынан 26 миң 553 кылмыш катталган, бул жалпы катталган кылмыштардын 89,3% түзөт.

Республикалык ички иштер органдарынын өндүрүшүндө 32 миң 360 (29569) кылмыш катталып, анын 19 миң 861 (20392) кылмыштын бети ачылган.

Бул 2017-жылдын көрсөтүлгөн мезгилине салыштырмалуу 2,6% га аз. Өндүрүш аркылуу 7 миң 212 (6090) кылмыш иши ачылбаган бойдон токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM