Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 18 га мисте токоюнан 18 кг зыяндуу курттар терилди

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 795 | 0

Жалал-Абад шаарынын батыш тарабындагы мисте токойлорунда малак куртун терүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Адегенде кышкы уйкуда жаткан курттарды кол менен терип чыгып, андан кийин гана дарылоо ишин жүргүзө турганын билдиришти.

Алгачкы 15 күндүк иш учурунда мисте токоюнун 18 гектар аянтынан  18 килограмм зыяндуу курттарды терип алышып, аны жок кылуу үчүн адис-экологдорго тапшырышты.

Иш чараны шаардык Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын эмгек жамааты алып барууда.

Эске салсак курттарды кол менен терүү иштери аяктаган соң, химиялык дарылоо иштерин да жүргүзүшөт. Ага бюджеттен 55 миң сом каралган.

 

Copyright © 2017 Maral FM