Биз менен байланышыңыз

Путин-Эрдоган сүйлөшүүсү: Сирияда коопсуз аймак түзүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 558 | 0

23-январда Москвада өткөн жолугушууда орус жана түрк президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган Сириядагы кырдаал боюнча 2 саатка жакын сүйлөшүштү.

Анда алар Сириянын Идлибиндеки акыркы абал, АКШ куралдуу күчтөрүнүн Сириядан чыгышы жана эң негизгиси-Сириянын түндүк-батышындагы күрд аймагына террористтик топтордон тазаланган коомпуз аймак куруу маселесин сүйлөшүштү.

Путин бул боюнча Асад бийлиги менен күрд коомчулугунун ортосунда эки тараптуу келишим жана сүйлөшүүлөрдүн башталышы зарыл экенин эскертти. Ошондой эле ал америкалык аскерлердин аймактан чыгып кетүүсү жакшы кадам болгонун белгиледи.

Ал эми Эрдоган, АКШ аскер базасынын кетиши менен террордук күчтөр пайдаланып кете турган боштук пайда болбошу керектигин айтып, өзгөчө күрд террордук топтору деп жарыялаган YPG, PYD партиялары менен күрөшүү ниетин ачыктады. Буга чейин күрд аймактарында коопсуз тилкени түзүүгө каршы болуп келишсе, эми ага макул экенин, бул боюнча Трамп менен дагы сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Эске салсак, Сирияда ИШИМ сыяктуу террордук топторду жок кылдык деген жүйө менен АКШ бийлиги ал жердеги 2500дөн ашык аскерин чыгарып кетерин жарыялаган. Бирок бул үчүн Сириянын тундугүндөгү күрд коомунун коопсуздугуна кепилдик талап кылган. Анкара алар террордук топтор экенин эске салып, аларга каршы күрөшөрүн айткан. Тирешүүнүн арты аймакта коопсуз тилке түзүп, анын сыртында гана террордук топтор менен күрөшүү жолун тандоо менен аяктады. Учурда өлкөнүн 90%ы Башар Асаддын бийлигине кайткан.

Copyright © 2017 Maral FM