Биз менен байланышыңыз

Жумагулова: Коомдук кеңешке кадр маселеси боюнча кайрылуулар көп түшөт

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Янв 2019 | 550 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Махабат Жумагулова “Марал” радиосуна берген маегинде көбүрөөк кадр маселеси боюнча кайрылуулар түшөрүн билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министрлиги менен мекеменин коомдук кеңешинин ортосунда коррупциялык тобокелчиликтер боюнча кагылышуулар болгон эмес.

Жумагулова буга кошумча, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошкон мекемелердин коомдук кеңешине мүчө болууну калаагандар көп экенин белгиледи.

«Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына кайдыгер карагандар аз, булар ар бир жаранга тиешелүү. Андыктан Билим берүү минисрлиги менен Саламаттыкты сактоого министрлигинин коомдук кеңешине кирүүнү каалагандар көп. Айымдардын көпчүлүгү коомдук кеңештерге мүчө болгусу келбейт. Мындан улам жылдап коомдук кеңеш түзүлбөгөн учурлар бар. Бирок айымдарга каралган квота көпчүлүк жерде каралбайт. Коомдук кеңеш жөнүндөгү мыйзамдан дагы гендердик теңдик боюнча маселени кайра карап чыгуу зарыл», — дейт Жумагулова.

Copyright © 2017 Maral FM