Биз менен байланышыңыз

Жумагулова: Окуу китептериндеги каталар боюнча эч ким жоопко тартылган жок

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Янв 2019 | 583 | 0

Окуу китептериндеги каталар боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен эч ким жоопко тартыла элек. Бул тууралуу аталган министрликтин коомдук кеңешинин мүчөсү Махабат Жумагулова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, окуу китептериндеги каталар боюнча 2018-жылдын декабрына чейин министрлик менен коомдук кеңештин ортосунда кагылышуулар токтогон эмес.

«Биз өз пикирибизди айтып келе жатабыз. Билим берүү министрлигининин окуу куралдар боюнча бир дагы адиси жоопко тартылган жок. Коомдук кеңеш көрсөтмө жана сунуш берүүгө гана укугубуз. Кеңештин көрсөтмөсүн кабыл алуу же албай коюу министрдин колунда», — дейт Жумагулова.

Эске салсак, буга чейин 5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган.

Copyright © 2017 Maral FM