Биз менен байланышыңыз

Бакчадан качкан эки кыз -45 градус суукта аман калышты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 564 | 0

Орусиянын эң суук Сибирь аймагында бала бакчадан качкан беш жашар эки кыз -45 градус суукта караңгыда калып кетишкен. Бактыга жараша, экөө тең аман калган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Кыздардын эч кимге байкатпай эшикке чыгып кеткени коопсуздук камерасына түшүп калган. Алардын бири Ленанын апасы Эвдокия Кутукова кызын алганы келип, курткасынын ордунда жок экенин байкаган. Бакча кызматкерлеринен сураганда гана алар анын жана досунун жоктугун байкашкан.

Издөө жүрүп жаткан чакта Лена үйүнө келгенин, тоңуп калганын кабарлашкан. Ал эми экинчи кыз караңгыда жолдон адашып, суукка чыдабай, бейтааныш үйгө коргологон.

Кыздар колкаптары болбогон үчүн манжалары тоңуп калган. Учурда алар ооруканада көзөмөлдөн өтүп, ден соолуктары жайында. Болгону дагы деле шок абалында экенин билдирет ата-энелери. Кыздар үйүндөгүлөрдү таңдантуу үчүн эртелеп бакчадан чыгып кетишкенин айтышкан.

Окуя боюнча бала бакчанын жооптуу кызматкерлерине иш ачылып, тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM