Connect with us

Айыл өкмөттөрүнө социалдык маселелерди караган адис дайындалат

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Янв 2019 | 722 | 0

Ар бир айыл өкмөткө социалдык кызматкер алып баруу зарыл. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Марал” радиосуна берген маегинде балдарды каттоодо электрондук маалыматтык база иштейт турганын билдирди.

Анын айтымында, айылда эмне болуп жатканын айыл өкмөт башчылар жакшы билет. Андыктан ар бир айыл аймагына экиден жалаң гана социалдык маселелер менен иштөөчү адис жиберүү пландаштырылып жатат.

«Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрдө мындай штабдык бирдик жок. Анткени айыл өкмөтүнө социалдык маселелерди жөнгө салуу милдети берилген эмес. Азыр мындай функцияны айыл өкмөттөргө өткөрүп берүүнү пландап жатабыз. Ал үчүн 200 млн сомго жакын акча керек», — дейт Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, учурда ар бир райондо Социалдык өнүгүү министрлигинин башкармалыктары бар. Жарандар социалдык маселелери боюнча башкармалыктын адистерине кайрылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM