Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Балдарды каттоодо электрондук база иштейт

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Янв 2019 | 860 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Марал” радиосуна берген маегинде балдарды каттоодо электрондук маалыматтык база иштей турганын билдирди.

Анын айтымында, электрондук базага Ички иштер, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана Социалдык өнүгүү министрликтеринин адистери маалымат киригизүүгө укуктуу болот. Алар графикке ылайык балдардын шарты боюнча базага маалымат киргизип туршат.

Өмүрбекованын билдиргенине караганда, өткөн жылдын декабрь айында премьер-министр балдарды коргоо максатында штабдарды түзүү боюнча бардык мамлекеттик адмнистрациялардын башчыларына, мэрлерге жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тапшырма берген. Учурда түзүлгөн штабдар өлкө боюнча иш алып барууда.

«Азырынча жумуш толук аягына чыга элек, иштин 70 пайызы аткарылды. Кызматкерлер бардык облустарда үймө-үй кыдырып, балдарды каттоого алып жатышат. Өткөн жылдын август айындагы маалыматка ылайык, үй-бүлөлүк шарты оор, ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны болжол менен 175 миңди түзгөн. Бирок ЮНИСЕФ уюму өлкөдө мындай шарттагы балдардын саны 200 миңден ашуун экенин айтат. Бул сандарды тактоо үчүн 25-январга чейин убакыт бердик. Ага чейин бизге ар бир облустан маалыматтар берилет. Анын негизинде 1-февралда токтомдун долбоорун, планыбызды бекитебиз», — дейт Өмүрбекова.

Маалыматка ылайык, оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдө балдар зордук-зомбулукка көп кабылат. Бирок Өмүрбекова каржылык жактан жетиштүү үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулук болбойт деп эч ким кепилдик бере албай турганын белгилейт.

«Хан сарайдын ичинде эмне болуп жатканын айта албайбыз. Балдарды урбай, жакшы сөз менен тарбияласак эффект жакшыраак болот. Балдар менен коомдо болуп жаткан окуялар боюнча маалымат берип, пикир алмашууга аракет кылалы. Эми кодекске өзгөртүүлөр кирсе чет жака кетип жаткан ата-эне баласын ким камкордукка аларын аныктап, ишеним кат калтырып кетет. Мындайда баланы карган адам дагы жоопкерчилигин сезет», — дейт Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, буга чейин 2018-2028-жылдарга карата үй-бүлөнү жана балдарды коргоо прогрраммалары иштелип чыккан. Ал негизги план катары эсептелинерин Өмүрбекова кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM