Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жеке менчик бала бакчаларды кызматташууга чакырууда

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Янв 2019 | 665 | 0

Өкмөт жеке менчик бала бакчаларды кызматташууга чакырып жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бардык региондорду бала бакча менен толук камсыз кылуу үчүн 80 млрд сом керек. Бирок учурда өкмөттө мындай ири суммадагы акча жок. Андыктан жеке жактар менчик бала бакча салып берсе, өкмөт балдарга төлөнө турган акчанын айырмасын төлөп берүүнү пландаштырып жатат.

«Жеке менчик бала бакча 20дай орун бөлүп берсе, ага көп балалуу же оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарын киргизебиз. Ортодогу айырманы мамлекет тарабынан төлөп берели деп жатабыз. Ошентип жылына 500-1000дей баланы бала бакчаларга жайгаштырсак жакшы болот», — дейт Өмүрбекова.

Ал мындан сырткары өкмөт бала бакчалардын окуу программасын кайра карап чыгуунун үстүндө иштеп жатканын айтып, тарбиячылардын квалификациясын жогорулатуу маселеси көтөрүлгөнүн белгиледи.

«Бала бакчада иштеген тарбиячы жогорку билимдүү болушу керек. Келечекте жогорку билимдүү тарбиячы гана балдар менен иштеше алат деген талаптарды коюшубуз керек», — дейт вице-премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM