Биз менен байланышыңыз

«Үй-бүлөлүк институтту бекемдөө үчүн маалыматтык кампанияларды өткөрүү зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Янв 2019 | 497 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Марал” радиосуна берген маегинде коомдо үй-бүлөлүк институтту бекемдөө үчүн маалыматтык кампанияларды өткөрүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, ар бир бала үй-бүлө эмне экенин түшүнүшү зарыл. Жарандар үй-бүлө куруунун жоопкерчиликтерин сезиши зарыл. Үй-бүлөлүк институтту бекемдөө үчүн улуттук салттарды пайдаланып, жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек.

«Ар бир бала менен иштешүү үчүн мамлекет тараптан бардык шарттар түзүлүшү керек. Бирок ата-энелер балдарынын алдындагы жоопкерчилигин унутпай, мектеп менен бала-бакчаларга гана ишенбей, балдарына көңүл бурушу керек. Эң жакшы тарбыя ата-эненин үлгүсү. Мындан сырткары бардык кыймылдар, жарандык активисттер балдарга карата жасалган ырайымсыз мамилеге кайдыгер карабай, көңүл бурушу абзел. Коомчулук зордук-зомбулукка кабылган балдарды көрсө биздин 111 деген ишеним телефонубузга кабарласа болот», — дейт Өмүрбекова.

Ал буга кошумча, балдарды интернатка калтыруу туура эместигин, ар бир бала үй-бүлөдө тарбыяланышы зарыл экенин белгиледи. Мамлекеттик саясатка ылайык келечекте интернаттарды азайтуу каралып жатканын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM