Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Театрда компьютер оюндарын өткөрүү туура эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Янв 2019 | 671 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде китепкана, театр жана башка багыттар боюнча бир топ адамдар жаңы идеялар менен кайрылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, Маданият министрлиги опера жана балет багытында бир нече иштерди алып баруу аракетинде.

«Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын ремонттон өткөрүп, болгон шарттарды түзүү, кызматкерлердин стипендия, айлык акыларды чечүү боюнча даярданып жатабыз. Аталган театрда өткөн оюн боюнча так көз карашымды айттым. Театрда мындай оюндардын өтүшү туура эмес«, — дейт Жаманкулов.

Анын билдиргенине караганда, А.Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында «Dota-2» тармактык компьютер оюндарын өткөрүү үчүн алдын ала каражат алынган.

Жаманкулов «каражат керек» деп мындай иш-чараларды өткөрүү туура эместигин, бул көрүнүш уланса, алдыда башка иш-чаралар дагы өтө башташы мүмкүн экенин белгиледи.

Эске салсак, өткөн аптада Улуттук опера жана балет театрында «Dota-2» тармактык компьютер оюндарынын мелдеши өткөн. Ал иш-чара социалдык тармактарда катуу сынга калбылган.

Copyright © 2017 Maral FM