Биз менен байланышыңыз

Министр: Циркти жакшы билген эмес, менеджер киши жетектеши керек

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 1408 | 0

Цирктин жетекчилигине учурда төрт талапкердин ысымы каралууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна билдирди.

Министрдин айтымында, мамлекеттик цирктин жетекчилигине талапкерлердин резюмелери кылдат каралып чыгууда.

«Ооба, жетекчини дайындоо узап кетти. Бирок алардын кесипкөйлүгүн кылдат кароо зарыл болуп жатат. Учурда төрт талапкер бар. Менин жеке пикиримде, циркти жакшы билген эмес, ошол жерди жакшы иштетип кете турган, менеджер бирөөнү дайындаш керек,» — деп кошумчалаган Азамат Жаманкулов.

Кошумчалай кетсек, бүгүн цирктин кызматкерлери Ала-Тоо аянтында митингге чыгышты. Алар министрлик бир айдан бери жетекчини дайындабай жатканына нааразычылык билдирип, өздөрү көрсөткөн талапкерди жетекчи кылууну талап кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM