Connect with us

Орусия-Япония: Куриль аралдары кимдики?

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 892 | 0

Кечээ, 20-январда Москвада жүздөгөн жарандардын катышуусунда тынчтык митинги өттү. Алардын башкы талабы-Куриль аралдарын Японияга сатпоо. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Митингди уюштургандар белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер болгону маалым. Алар Орусия-Япония мамилесинин жакшы маанайда сакталып калуусун каалоо менен, Курил аралдарынын үстүнөн соода жасабоо чакырыктары менен чыгышты.

Араларында бийликке каршы, улутчул чакырыктарды жасагандар болгону менен уюштуруучулар тыйышты.

«Биздин митинг улутчул эмес, жарандык митинг. Биз Курилдин айынан Донбасстагы абал кайталанып, эки өлкөнүн мамилеси бузулуп, касташып калуусун каалабайбыз. Бийликти аралдарды сатуунун ниет кылган күчтөргө мүмкүнчүлүк бербөөгө чакырабыз. Эгер Куриль Токиого өтүп кетсе, туш тараптан жер таламайлар башталып, Сахалинден да айрылып калышыбыз толук мүмкүн»,-дешет митингчилер.

Эске салсак, дээрлик 300 жылдан бери талашка түшкөн Куриль аралдары экинчи дуйнөлүк согушта жеңишке жетишкен СССРге ыйгарылган. Ошондон бери аралдарды өзүнүн түндүк аймагы деп санаган Япония менен тынчтык келишими түзүлө албай келүүдө. Акыркы кездери жанданган дипломатиянын алкагында расмий Токио андагы Иутурп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралчаларына кызыкдар болуп, орус тараптан талап кылып келет. Бирок аралда жалпысынан 20 минге чукул орус жарандары жана чек арачылары жашашат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM