Биз менен байланышыңыз

Путин менен Абэ Курил аралдарынын тагдырын талкуулашат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 617 | 0

Бүгүн Москвада орус лидери Владимир Путин менен Япониянын башчысы Синдзо Абэнин жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу RT агенттиги билдирди.

Жолугушуунун башкы темасы-көп жылдар бою ишке ашпай келе жаткан тынчтык келишиминин келечеги. Ошондой эле эки тараптуу  соода-сатык, гуманитардык тармактагы кызматташтык да каралары маалым. Анан албетте, Түштүк Курил аралдарынын тагдыры колго алынат.

Эки жетекчи буга чейин  Буэнос Айресте G20 саммитинде жолугушуу өткөрүшүп, аралдарды сүйлөшүшкөн. Бул маселе учурда эки тараптын тең эң талуу маселеси болууда.

Эске салсак, Орусия менен Япония 300 жыл мурунтан бери Курил аралдарын талашып келишет. Советтер союзу экинчи дуйнөлүк согушта жеңишке жеткенде аралдар автоматтык түрдө Москвага өткөн. Бирок Япония аларды алигүнчө өзүнүн тундүк аймактары деп билет. Ошон үчүн Кремлди Түштүк Курилдеги Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралчаларынан баш тартып салуусун сурап келет. Учурда аралдарда жалпысынан 20 миңдей орус тургундары жана чек ара кызматкерлери жашашат.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM