Биз менен байланышыңыз

Путин менен Абэнин жолугушуусу жыйынтыкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 892 | 0

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Япониянын лидери Синдзо Абэни Кремлде тосуп алды. Бул эки башчынын төртүнчү ирет жолугушуусу болду. Абэ Давостогу буткүл дүйнөлүк экономикалык форумга бараткан жолунда Москвага «тие кетти».

«Швейцарияга бараткан жолдон бизге кайрылуу сунушуму кабыл алганың үчүн рахмат»,-деди Путин. Ал дүйнөлүк лидерлерден үчөөнө гана «сен» деп кайрыларын, алардын бири дал ушул япон премьери экенин айткан жайы бар.

Эки жетекчи үч саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жалпыга маалымдоо каражаттарына Курил аралдары тууралуу кандай чечимге келгенин айтышкан жок. Бул маселе боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү атайын өкүлдөр жүргүзөрүн жана алардын чечими эки элди тең канааттандырарын билдирди.

Абэ болсо 70 жыл бою козголбой жаткан маселени дароо чечүү мүмкүн эмес, бирок  муну жасоо керек экенин кошумчалады.

Эске салсак, эки мамлекеттин ортосунда жайгашып, узак жылдардан бери талашка түшүп келген Курил аралдары боюнча сүйлөшүүлөр өткөн жылы жанданган. Экинчи дүйнөлүк согушту жеңген СССР аталган аралды бүт бойдон озүнө өткөрүп алган, бирок Токио түштүк Курилдеги Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралчаларын алууга кызыкдарлыгын билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM