Биз менен байланышыңыз

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япония орусиялыктар үчүн кыска мөөнөттүү визасыз режимди алып салып, ордуна 90 күндүк визасыз режимди киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Риа новости жазды.

Маалыматка ылайык, Япониянын Тышкы иштер министри Таро Коно бул маселени орусиялык кесиптеши менен дүйшөмбү күнү Мьюнхенде боло турган жолугушууда сүйлөшүүнү пландоодо.

Токио мындай кадамга Орусия менен түзүүгө аракет кылып жаткан тынчтык келишимин жеңилдетүү максатында барууда. Аны алуу үчүн жарандар чет элдик паспортторун консулдукка каттатып коюшса жетиштүү.

90 күндү визасыз режимин Япония БАЭ менен Индонезияга гана тааныган.

Эске салсак, Орусия менен Япония экинчи дүйнөлүк согуштан бери тынчтык келишимине жетише албай келишет. Лидерлери Синдзо Абэ менен Владимир Путинт өткөн жылдан бери буга кызуу киришишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM