Биз менен байланышыңыз

Токио Москвага нааразылык билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 671 | 0

Япониянын бийлиги орус күч түзүмдөрүнүн Курил аралдарында япониялык балыкчыларды кармап, аларга айыппул төлөткөнүнө нааразылык билдирди. Бул тууралуу Риа новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, орус чек арачылары Кунашир аралчасында балык тутуп жүргөн эки кемедеги япон жарандарын кармап, документтерин талап кылып, чек ара эрежесин бузганы үчүн айыппул салышкан.

Чындыгында болсо 1998-жылы түзүлгөн келишим боюнча япондор Курил аралдарынын түштүк жээктеринен балык уулоого акысы бар.

Эске салсак, Япония эки мамлекеттин ортосундагы Курилдин Кунашир, Итуруп, Шикотан жана Хабомаи аралдарын алууга кызыкдар. Алардын айтымында бул жерлер тээ илгертен япондор байырлап келген ата журт болуп саналат. Бирок орус тарап аралдар экинчи дүйнөлүк согуштун бүтүшүндөгү чечим менен Орусияга өткөнүн, аймактагы Орусиянын эгемендүүлүгү күмөнсүз экенин билдиришүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM