Биз менен байланышыңыз

Япониянын Москвадагы элчисине эскертүү берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 701 | 0

Япониянын Москвадагы элчиси Тоехису Кодзуки Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Мунун себеби япон бийлигинин талаштуу Куриль аралдары тууралуу жасаган билдирүүсү болду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ жергиликтүү телеканалдардын бирине берген интервьюсунда Курилдин түштүгүн кайтарып аларын, бирок анда жашаган орустарды сүрүп чыгарбасын билдирген. Мындан сырткары Кремлге Курилдеги төрт аралчадан баш тартууну сунуштарын  да айткан.

ТИМ орун басары Игорь Моргулов элчиге өлкө бийлигинин бардык кадамдарынан кабардар экенин жана алардын мындай «жоруктары» эки мамлекет башчысынын тынчтык келишими үчүн жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрүнө каршы келерин эскертти.

Эске салсак, эки мамлекеттин ортосунда жайгашкан Куриль аралдары жүздөгөн жылдардан бери талаш-тартыш жаратып келет.Япония өзүнүн түндүк аймагы деп эсептеген аралдарды Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетишкен СССР толугу менен тартып алган. Бирок ортодо тынчтык келишими түзүлбөй, салкын мамиле бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM