Биз менен байланышыңыз

Ак көйнөксүз келген кызматкерди жыйындан чыгарган депутат кечирим сурады

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 1504 | 0

Кечээ, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров жана башка депутаттар  Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду талаптагыдай кийинип келбегени үчун жыйындан чыгарып койгон.

Бул кыргыз коомчулугунун катуу нааразылыгын жаратып, социалдык желеде кыжырдангандар, депутаттардын Тынысовдон кечирим суроосун талап кылышкан.

Бүгүн вице-спикер Мирлан Бакиров бул боюнча тушүндүрмө берип,  андан жана коомчулуктан кечирим сурады.

Анда ал массалык маалымат каражаттары окуяны бурмалап бергенин, чынында ал Тынысовду чакырылгандардын тизмесинде жок болгону үчүн чыгуусун суранганын айтты.

Эске салсак, Талантбек Тынысов Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин эсепчиси экени маалым болду. Агенттиктин жетекчиси жок болгонуна байланыштуу күтүүсүз жерден даяр эмес келип калганын билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM