Биз менен байланышыңыз

Сириядагы жардыруудан төрт америкалык набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 475 | 0

Сириянын түндүгүндөгү күрддөр жайгашкан Манбиж шаарында жанкечти жардыруу жасап, натыйжада жыйырмага жакын адам каза болду. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.

Мерт кеткендердин арасында Сириядан чыгуусу күтүлүп жаткан америкалык аскер базасынын төрт кызматкери да болгон. Жергиликтүү маалымат булактарынын айтымында алар окуя болгон жерде күрд аскердик топтору менен жолугуу уюштурушкан.

Жардыруу шаардын борборундагы кафеде болгон. Кылмыштын жоопкерчилигин ИШИМ террордук тобу өз мойнуна алды.

Эске салсак, Манбиж шаары Эркин Сирия аскердик тобу жана күрд тузүмдөрүнүн аракети менен ИШИМ согушкерлеринен тазаланган. Бирок ИШИМ толугу менен жок кылынган эмес. Аймакта өкүм жүргүзгөн күрд биримдиктерине америкалык база террористтерге каршы колдонуу жүйөсү менен согуш куралдарын таратып берген.

Ал арада Манбиждеги күрддөрдү террористерге колдоо көрсөтөт деген кине менен түрк куралдуу күчтөрү сокку урууга даярданып жатканын жарыялашкан. Бирок АКШ бийлигини буга жолтоо болууда.

Copyright © 2017 Maral FM