Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Депутатка сыйлык туура берилди

Саясат | 16 Янв 2019 | 676 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго «Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыгын ыйгарды. Сыйлык депутатка «бир канча жыл бою балдардын жана жаштардын дене тарбиясына көңүл буруп келатканы үчүн» берилген. Бирок коомчулук эл өкүлүнө берилген төш белгиге нааразы болуп, муну тааныш-билиш аракети катары баалашууда. Мындан улам ведомстволук сыйлыктардын жол жобоолору кандай берилерине кызыктык. 

«Билим берүүнүн мыктысы» — Билим берүү жана илим министрлигинин төш белги менен белгиленген даражалуу сыйлыгы. Министрликтин наамдарды ыйгаруу боюнча атайын жобосу бар. Ага ылайык сыйлык 20 жылдык үзгүлтүксүз стажы бар, билим берүүгө өзгөчө салым кошкон педагогго ыйгарылат. Өткөн жылы министрлик сыйлык берүү жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөр дагы киргизген. Анын негезинде педагогдордун ишин аздектегендерди, алган сыйлыгынын аралыгы 3 жыл толо электерди, министрликтин ардак громатасы менен сыйланбаган адамды «Билим берүүнүн мыктысы» деген төш белги менен сыйлоого укуктуу.

Аталган жоболорго депутат Тазабек Икрамовдун эмгектери дал  келип, ага «Билим берүүнүн мыктысы» деген сыйлык ыйгарылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев билдирди.

Анын айтымында,  Икрамов бир канча жыл бою балдардын жана жаштардын дене тарбиясына көңүл буруга салымын кошуп келет. Парламентте тармактык мыйзамдарды өркүндөтүүгө жардам берүүдө. Сыйлык татыктуу эле берилди.

— Тазабек Икрамов депутат болгонго чейин билим берүү тармагында эмгектенген. Бул киши жогорку окуу жайларда дене тарбиядан сабак берген. Андан сырткары өзгөчө да эмгектерди сиңирген. Ушул күнгө чейин жаштарды спортко тарбиялоодо зор салымын кошуп келе жатат. Андан сырткары көп жерлерге спорт залдарын куруп берди. Жогорку Кеңештеги билим берүү тармагына багыт берген комитетте иштейт. Биз менен тыгыз байланышып, мыйзамдарды өркүндөтүүгө жакындан жардам берип, тынбай эмгектенүүдө. Бул аспектини эске алып жана ошол комитеттин сушуну менен төш белгини Тазабек Икрамовго ыйгарууну туура таптык.

Бирок коомчулук Икрамовго ыйгарылган наамга нааразы болууда. Кээ бирөөлөр көп жылдык стажы менен иштеп жаткан мугалимдер сыйлык ала электигин мисал кылышты.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов  өзүнө ыйгарылган  «Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыгы тууралуу пикирин билдирди.  Эл өкүлү сыйлыкты сөзсүз мугалимдер гана алууга тийиш деген ойдон алыс болуу керек деп эсептейт.

-Бардык аткарып жаткан жумушуңду элге көрсөтүп, жеткире албайсың да. Министрлик эмгегимди баалап сыйлык бергени өзүмө деле күтүүсүз болду. Бир жагынан жакшы. «Билим берүүнүн мыктысы» болуу үчүн сөзсүз эле мугалим болуп иштөө керек деген эмес. Эки жыл Жалал-Абадда спорт институтунда мугалим болуп эмгектендим. Бирок коомчулукта эки жылдык эмгек тажрыйбасы менен сыйлык берилеби деген талкуулар болду. Билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө кайдыгер эмесмин. 2004-жылдан бери атамдын атында жаштар арасында спорт мектеби ачылган. Учурда ийгиликтүү иштеп жатат. Бул спорт мектеби салынгандан баштап колумдан келген жардамымды берип келем. Ал жерде жыл сайын Эл аралык Азия чемпиондугу өтүп турат. Байгесин өзүм каржылап келем. Башкача айтканда спортко көп кызмат кылып жатам. Андан тышкары Жогорку Кеңеште билим берүү тармагын караган комитетте төрайымдын орун басары болуп бир топ көйгөйлөрдүн чечилүүсүнө салымымды кошуп келем. Мектептердеги коррупциялык көрүнүштөр, окуучулардан акча жыйнамай аракеттерин тыюунун үстүндө иштеп жүрөм. Сыйлыкка татыктуу эле болсом керек. Кээ бир мени жакшы көргөн сайттар дарегиме ар кандай сөздөрдү айтып жатат.

Тазабек Икрамов 1998-2000-жылдары Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында окутуучу болуп иштеген. Ал коомчулукта мектептеги акча чогултуу  көрүнүштөрүн  сындаган белгилүү депутаттардын бири.

Аталган министрликтин коомдук кеңешинин мүчөсү Алмаз Тажыбай депутаттын документтери сыйлык берүү жөнүндөгү жобого жооп берсе да, наамды алууга моралдык укугу жок эле деген ойдо.

-Бизде орто мектепте иштеп жаткан 80 миң мугалим бар. 28 жылдан бери сыйлык берүү соодага айланып, акчасы бар адамдарга берилип жатат. Сыйлык алган депутат ички дүйнөсү уят десе албай эле койсо болмок. Анткени канчалаган сапаттуу, тажрыйбалуу педагогдор иштейт. Депутаттын документтери жоболорго дал келип, сыйлык тапшырылып калды. Аны депутатыбыз моралдык жактан уялып албай эле койсо болмок.

Элдин нааразычылыгын пайда кылбоо үчүн сыйлыктардын атын жана жоболорун так көрсөтүү сунушу айтылууда. Ошондо гана сыйлык алгандардын эмгеги ынанымдуу болоорун билим берүү тармагында серепчи Кеңешбек Сайназаров айтты.

-Кээ бир адамдар сыйлыктарга оңой эле жетип калууда. Бул ачыктык менен тактыктын жоктугунан болуп жатат деп ойлойм. Кайрадан эле бюрократияга кирип кеткендей болуп, дос-жар, тааныш-билиш чоң ролду ойноп калып жатат. Мыкты кызматкерди тандоо үчүн коомдук платформага алып келсек жакшы болотдеп ойлойм.

Айта кетсек, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен кызматкерлер даталуу күндөрдө гана сыйланышат.  Тагыраагы Акыркы коңгуроо, билим берүү кызматкерлеринин күнүндө, илим күнүндө жана жыл жыйынтыгына карата  берилет.

Copyright © 2017 Maral FM