Биз менен байланышыңыз

Өлүмдөрдүн башкы себептеринин бири-экологиянын бузулушу

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 2507 | 0

Кыргызстандагы өлүмдүн 14 пайызы экологиянын булганышына байланыштуу болот.

Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы дүйнө жүзүндө 9 миллионго жакын адам экологиянын бузулушунан көз жумган. Ошондой эле ал экологиянын терс тааасирлеринен адамдар жапа чегип жатканын айтып, алардан коргонуу керек экендигин белгиледи.

“Экологиянын бузулушунан биринчи кезекте жакыр өлкөлөр жабыркайт. Көз жумгандардын 90% дан көбү айлык кирешеси эң төмөн өлкөлөрдө жашагандар”, деп кошумчалады Озонниа Ожиело.
Экологиянын бузулушу, экономикалык жоготууларга да алып келет. Экологиянын айынан жылына дүйнөлүк жоготуу 4,6 миллиардды түзсө, Кыргызстанда жоготуу 3,6 миллионду түзөт.

Эске салсак, соңку жылдардагы технологиянын өнүгүшү менен көбойгөн завод-фабрикалар экологиянын бузулуусуна алып келүүдө. Көмүр жагуу, унаалардан чыккан түтүн, желим буюмдарды күйгүзүүдөн пайда болгон ис жана бир жолу колдонулчу желим буюмдардан пайда болгон глобалдык таштандылар жер шарынын экологиясын олуттуу жабыркатууда.

Copyright © 2017 Maral FM