Биз менен байланышыңыз

Түрмөдө жаткан түрк наристелери

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 850 | 0

Германиянын «Deutsche Welle» (DW) эл аралык басылмасы 14-январда Түркияда саясий негизде абакта олтурган аялдар менен бирге түрмөдө жаткан наристелер тууралуу  материал  жарыялады.

Анда түрк бийлиги менен бирдей пикирде болбогону үчүн «террорист», «чагымчы» жана «эл душманы» сыяктуу айыптар менен камалган апалары менен түрмөлөрдө өсүп жаткан балдардын күнүмдүк жашоосу, тарбиясы жана башка абалдары чагылдырылган.

Адам укуктары боюнча коомдук уюмдардын болжолдуу билдирүүсү боюнча, учурда Туркиянын абактарында кеминде 700 наристе жатат. Бирок алар тууралуу өкмөт эч кандай маалымат бербейт. Алар жаңы төрөлгөн курактан тартып үч жашка чейинки эне сүтүн эмгендер жана карай турган адамы жок болгондор.

Материалда мындай балдардын көпчүлүгү ар түрдүү ооруларга чалдыгары, психологиялык запкы көрөрү жана коомго аралашууга такыр даяр эместиги айтылат.

Кошумчалай кетсек, Түрмөдөгү балдардын көпчүлүгүн 2016-жылдын 15-июлунда уюштурулган «аскердик төңкөрүш аракетине» айыпталган «Кызмат» кыймылынын мүчөлөрүнүн балдары түзөт. Алар энелеринин курсагында келип, төрөлүп, энеси менен бирге абакка кайткандар.

Калгандары төрөтканага төрөө үчүн келген жеринен кармалып, ал жерден туура эле абакка кеткен аялдардын балдары. Мындай абал түрк бийлигине каршы эл аралык коомчулуктун катуу каршылыгын жаратып, муну диктаторлук деп баалашкан.

Мындан сырткары кош бойлуу келип, абактарда кыйноого алынып, курсагындагы баласы чарчап калган окуялар да катталууда. Ошондой эле ата-энеси саясий негизде камалып, артында калган балдары белгисиз мамлекеттик жетимдер үйүнө тапшырылган учурлар да кездешип, бирок түрк медиасында булар тууралуу чагылдырылбай келет.

Copyright © 2017 Maral FM