Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Түкүргөндөрдү ар бир аймакта түзүлгөн комиссия тескейт

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Янв 2019 | 540 | 0

Түкүргөндөрдү тескөө милдети жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөн. Ал үчүн ар бир айыл аймактарында комиссия түзүлөт. Түкүргөндөргө айып пул камерага жазылган маалыматтын негизинде салынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, түкүрүү «Таштандыны белгиленбеген жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» беренесине кирип калган. Бул берене үчүн айып пул 5,5 миң сомду түзөт. Бул сумма таштандыны өрттөгөнгө толук туура келет. Бирок кодексте коомдук жайда чылым чеккендер үчүн да айып бар. Учурда коомдук жайларда түкүргөндөргө салынчу айып тамеки тартуу беренеси менен теңдештирилип, 1000 сомду түзүүдө.

«Укук коргоо органдарынын баарында интернет, инфрастуктурасы жана тийиштүү техникасы болушу керек. Өкмөт бөлгөн каражат кылмыш, жоруктар жана бузуулардын бирдиктүү реестерин иштеп чыгууга сарпталды. Жыл башынан бери укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жол эрежесин бузбагандар айып төлөбөйт. Ар бир бузуунун өзүнүн критерийлери бар», — дейт Разаков.

Ал буга кошумча, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине коюлчу камералар адамдык факторду жоерун айтты. Ошондой эле жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлердин маянасын көтөрүү зарыл экенин белгилеп, өкмөт бул багытта иштеп жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM