Биз менен байланышыңыз

Кениядагы теракттан кеминде он беш киши мерт кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 562 | 0

Кениянын борбору Найроби шаарындагы мейманканада жардыруу катталып, анданон беш киши каза болуп, бир топ адам жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, төрт кишиден турган топ автоунаа менен мейманкананын астына кирип, күзөтчүлөргө ок чыгарып, кийин жардыруучу заттарды ыргытып, аткылашкан. Мейманканада ресторан жана эл аралык уюмдардын офистери да жайгашкан. Жардыруу бир нече чакырымга чейин угулган.

Каза болгондордун он бири кениялык, бирөө америкалык жана дагы бир британиялык жаран болгон.Калган экөөнүн кимдиги тактала элек.

Кылмыш жоопкерчилигин Сомалидеги Аш-Шабаб террордук тобу өз мойнуна алган.

Бир нече саатка созулган кагылышууга күч түзүмдөрү кийлигишип, кылмышкерлерди жок кылган. Окуя боюнча учурда иликтөө иштери башталды.

Эске салсак,  Аш-Шабаб террордук тобу буга чейин 2013-жылы Найробидеги соода борборуна кол салып, натыйжада 67 киши набыт болгон. Эки жылдан кийин ошол эле шаардагы бир  университетке сокку урган.

Copyright © 2017 Maral FM