Биз менен байланышыңыз

Жаңы Зеландиядагы теракт: Оолуккан Исламофобия, үндөбөгөн Батыш

Блог , Дүйнө | 18 Мар 2019 | 1383 | 0

Жаңы Зеландиянын Крайстчарч шаарындагы теракттан 3 күн өттү. Мындай кыска убакытка карабай бул үрөй учурган кылмыш тууралуу эл аралык коомчулук дээрлик «унутту». Мусулман коомчулугу болсо 50 бейкүнөө адамдын жанын ибадат учурунда ибадатканада алган каргашаны «теракт» деп атоого ооздору барбай көз жаздымда өткөрүүгө аракет кылган батышчыл басылмалардын позициясына нааразылык жаадыруу менен алек. 

Биз бул каргашанын күнгөй-тескейине кыскача токтолууну чечтик.

«ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯНЫН КАРА БАРАГЫ»

15-март күнү Крайстчарч шаарында мусулмандар Жума намазын окуу үчүн Аль-Нур жана Линвуд мечиттерине келишкен. Намаз жаңы эле башталар алдында белгисиз куралчан кирип келип, алдынан чыккандарды бала, аял, карыя дебей аткылап кирген. Натыйжада, жалпысынан 50 киши набыт болуп, 40тай жаракат алган. Жарадарлардын экөөнүн абалы оор абалда жатканы маалым болду.

Терактка шектүү төрт киши кармалган. Алардан бирөө аял киши, кечээ акталып чыкты. Ал эми 18 жаштагы өспүрүм кылмышка кыйыр түрдө катышы бар делип, баш коргоо чарасы эртең каралары күтүлүүдө.

Башкы кылмышкер Австралиянын жараны 28 жаштагы Брентон Таррант экени маалым болду. Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон да Тарантты «ашынган террорист» деп баалады.

Окуя боюнча өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн кайрылуу жасап, кылмышты «атайын уюштурулган теракт» деп атап: «Бул күн Жаңы Зеландиянын эң караңгы күнү болуп калат»,-деди. Беш даана ок атуучу курал менен чабуул жасаган террористтин өлкөдө курал алууга лицензиясы болгонун тастыктаган Ардерн бүгүн, 18-мартта министрлер кабинетин чогултуп, өлкөдөгү курал алып жүрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карап жатканы кабарланды. Алдын ала маалыматтар боюнча, мындан ары автоматтык ок атуучу куралдарды алып жүрүүгө тыюу салууну өкмөт жактырды.

ЭМНЕГЕ ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ?

Калкынын саны 4 миллиондон бир аз ашкан өлкө терроризмдин колу тие элек дүйнөнүн сейрек өлкөлөрүнүн бири болчу. Анын бир пайыздан ашыгы гана мусулмандар түзөт. Жаңы Зеландиянын тарыхында саясий же диний идеологиялык мотивдеги теракт бир да жолу катталган эмес. Тургундардын жана өлкөнү зыярат кылгандардын таңдануу менен айтканына караганда полиция кызматкерлери да курал-жараксыз жүрчү. Бирок кечээги кандуу окуя өлкөнүн бул бейпилдигине чоң жарака кетирди.

Адистердин айтымында, террористтин жана анын артындагылардын бул өлкөнү тандап алышы да бекеринен эмес. Башкесер алгачкы соттук отурумунда бул ишке эки жыл даярданганын, арам оюн ишке ашыруу учүн эң тынч Жаңы Зеландияны тандап алганын айтты. Аль Нур мечитин болсо үч ай мурда бутага алганын, өлбөөгө жана колго түшпөөгө аракет кыларын, теракттын максаты коркутуу экенин белгилеген.

«ПСИХИКАЛЫК ООРУЛУУ ЭМЕС»

«Ал психикалык оорулууга эч окшобойт. Бардык процессти кадимкидей баамдап, калчап сүйлөөдө. Ошондуктан кийинки соттук отурумда жактоочу каалабасын айтып, актануу сөзүн өзү жасоону көздөөдө». Бул тууралуу шектүү Брентон Таранттын сот дайындап берген жактоочусу Ричард Петерс билдирди. Анын кезектеги соттук отуруму 5-апрелге белгиленген.

Айрым тараптар кылмышкердин психикалык оорулуу экенине көңүл бурдурууга аракет кылган менен ал өзү акыл-эси жайында, расист экенин моюнуна алган.

«ДҮЙНӨНҮ КЫДЫРГАН ТЕРРОРИСТ»

Жасинда Ардерн кылмышкердин дүйнөнү кыдырып, өзгөчө даярдык көргөнүн белгиледи. Ал каргашадан бир нече мүнөт мурун өзүнүн Фейсбук баракчасынан 70 беттик билдирүүсүн жарыялаган. Анда дүйнөнүн бир канча өлкөсүн, өзгөчө Европа мамлекеттерин кыдырып, Францияда ак терилүүлөрдүн азайып, ордуна кара терилүү мигранттардын басымдуу болуп баратканына таасирленип, актардын үстөмдүгү азайып баратканына каршы чара колдонуу пикири жаралганын айткан.

Актарды тукум курут кылуу планына салым кошкон бир катар лидерлерди, анын ичинде Германиянын канцлери Ангела Меркель, Лондондун мэри Садик Хан жана түрк президенти Режеп Тайип Эрдоганды атаган.

Ошондой эле анын бир нече жолу Түркияга келип кеткени да түрк чалгын кызматы тарабынан жарыяланды.

КҮЧ АЛГАН ИСЛАМОФОБИЯ

Террорчу улутчул, ак терилүүлөрдүн үстөмдүгүн колдогондор топко мүчөлүгүн билдирген. Алгачкы соттук отурумга алып келишкенде Батышта кеңири жайылган исламга каршы түзүлгөн «Generation Identity» кыймылынын символикалык белгисин колу менен ишарат кылганын Deutsche Welle басылмасы жарыялады.

Ал европоиддер жана аларга таандык маданияттагы аймактарга Ислам дининин жайылып баратканына тынчсызданганын айткан. Мусулмандардарды баскынчы, коркунучтуу деп сыпаттаган ал Ислам динине каршы күрөшүү керектигин өзүнүн соңку билдирүүсүндө жарыялаган.

ҮН КАТПАГАН БАТЫШ

Өзгөчө мусулман коомчулугун БУУ баш болгон эл аралык уюмдардын аталган терактка каршы кандайдыр бир чара көрбөгөндүгү нааразы кылууда. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары өткөн жылы Францияда катталган теракттан кийин бир нече аптага созулган иш-чараларды, анын ичинде белгилүү биримдиктердеги 50 чакты мамлекет башчыларынын «жалпы адамзатка каршы кылмышка» каршы жөө жүрүш кылгандарын эске салышууда. Ал эми ачык-айкын расисттик маанайдагы терактка байланыштуу президенттик көңүл айтуулар менен гана чектелгенине көңүл бурдурушууда.

БИРОК…

Анткен менен, аталган окуянын дароо артынан Европа жана Америка мамлекеттериндеги ондогон мечиттерде жарандар мусулмандарга тилектештигин билдирип, алар Жума намазын окуп жаткан чакта ыктыярдуу кароолчулук иштерин уюштурушту. «Адамзат бир туугандыгы», «Толеранттуулук», «Жикчилдикке каршы» чакырыктары менен бир катар мамлекеттерде жарандык протесттер өттү. Ушундай эле ибадат кылгандардын коопсуздугун коргоо иш чараларын ал мамлекеттердин коопсуздук күчтөрү да колго алган.

Мындан тышкары христиандык жана яхудийлик жамааттар кандуу окуянын шейиттерине өз ишенимдеринде эскерүү жана бата кылуу акцияларын өткөрүштү.

КУРМАНДАР: ҮЧ ЖАШАР НАРИСТЕ, СТУДЕНТ, ИЛИМПОЗ, ЖЕТИМИШТЕГИ КАРЫЯ

Террордук кол салуудан набыт болгондор Индонезия, Пакистан, Арап эмирлиги, Иордания жана Бангладеш сыяктуу мусулман мамлекеттерден барып отурукташып калгандар. Арасында эң жашы атасы менен жүргөн 3 жашар наристе, эң улуусу 70 жаштагы аксакал карыя. Дал ошол карыя кылмышкерди босогодо «Салам, бир тууган!» деп тосуп алып, окко эң алгач учкан киши болду.

Алардан сырткары студент, дарыгер, мугалим жана спортчулар бар, жалпы 50 киши.

ОКУЯДАН КИЙИН

Учурда Жаңы Зеландиянын өкмөтү теракттан улам алдын ала чараларды карап, куралдануу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн үстүндө иштөөдө. Өлкө боюнча мечиттер жабылып, коопсуздук кызматчылары коомдук жайларда күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Жарандарды, өзгөчө мигранттарды жакынкы күндөрү сыртта көп жүрбөөгө үндөшүүдө.

Жабыркаган жарадарлар турдүү ооруканаларда дарыланууда. Алардан экөөнүн абалы өзгөчө оор экени маалымдалды.

Copyright © 2017 Maral FM